Жалал-Абад: шаар мэриясы тургундарды үйдөн чыкпоого чакырат!
Бүгүндөн тарта Жалал-Абад шаарындагы бардык соода жайлары жабылууда. Аны менен бирге коомдук транспорттордун каттамдары да токтотулду. Азыркы учурда күч түзүмдөрүнүн жана кала мэриясынын кызматкерлери, көчөлөрдө жашоочуларды түзүлгөн кырдаалды туура түшүнүү менен үйдөн чыкпоосу боюнча түшүндүрүү иштерин алып барууда.
Калаа аймагында тургундардын ден соолугуна кам көрүүдө жана коронавирус ооруусун шаар аймагында жайлуу коркунучун алдын алуу боюнча, 20 топ түзүлүп күчөтүлгөн тартипте иш алып иш жүргүзүлүүдө.
Мында дарыкана, азык-түлүк жана нан бышыруучу жайлардын гана иш алып баруусуна уруксат берилген. Ал эми берилген эскертүүлөргө карабай кийим-кече жана турмуш тиричилик буюмдарын саткан соода жайларга мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.