Баткен облусунун Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарына коронавирус жуктуруп алган адамдар аныкталганына байланыштуу өзгөчө кырдаал тартиби киргизилди. Учурда аталган айылдарда блокпосттор коюлуп жатат. Бул айылдарда 29 миңге жакын адам жашайт.
Бүгүн Баткен облусундагы Самаркандек айылынын тургуну коронавирус жугузуп алганы аныкталган. Учурда облус боюнча 35 киши обсервацияга жаткырылды. Төрт адам изоляцияга алынды.