Билим берүү жана илим министрлиги учурдагы кырдаалды жана карантиндин узартуу ыктымалдыгын эске алып, ыкчам жооп кайтаруу планын иштеп чыгууда.
Аталган планда көрсөтүлгөн иш-аракеттер алгоритмдери жана механизмдери билим берүүнүн бардык деӊгээлдеринде окуу процессин уюштуруунун, окуу жылын жыйынтыктоонун (сынактар) жана учурдагы кырдаалды эске алып жаӊы окуу жылына даярдык көрүүнүн бардык аспектилерин камтыйт.