Бүгүн, 21-мартта Бишкек шаардык мэриясы билдиргендей, эртең 22-марттан тартып коомдук транспорттор өз ишин токтотот.
Мэрия коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында көрүлүп жаткан бул чараларды түшүнүү менен кабыл алып, жарандарды шаар ичинде жүрүүлөрдөн баш тартууга чакырат.