Жалал-Абад: жарандардын анализин чыгаруучу мобилдүү лаборатория иштеп жатат
Новость

Жалал-Абад шаарында коронавируска шектүү жарандардын анализин чыгаруучу мобилдүү лаборатория иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди. Мобилдүү автолаборатория Жалал-Абад шаарындагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна жеткирилген. 

Мындан ары жарандардан алынган анализ Ош шаарына жөнөтүлбөй, жеринен чыгарылат. Күнүнө 50 дөй адамды текшерүүгө алса болот. Жумуш мурдагыга салыштырмалуу бир топ женилдеген.