Коронавирус илдетин тез арада аныктоочу 5 миң экспресс-тест Саламаттык сактоо жана Тышкы иштер министрликтери аркылуу Кытайдан сатып алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Экспресс-тест Финансы министрлигинде ачылган эсепке түшкөн каражатка алынды.
Бул эсеп коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында ачылган. Бул тест менен илдетти 20 мүнөттүн ичинде аныктоого болот. Адистер бул экспресс-тест менен бүгүндөн баштап иштей башташат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, мындай тест Кытайда жана Түштүк Кореяда абдан натыйжалуулугун көрсөттү.