Өзгөчө кырдаал режимине байланыштуу Бишкек шаарында кичи автобустук маршруттар токтоду. Бирок троллейбус жана автобустар линияда. Мэриянын маалыматында, калаа боюнча 76 автобус жана троллейбус каттамдары иштейт. Ал эми Ош шаарында №1, №2 троллейбус жана №12, №13 автобус каттамдары эртең менен жана кечинде каттайт.
Ош мэриясынын маалыматында, эртең мененки каттамдар: 1-рейс - саат 7:00, 2-рейс - саат 7:30, 3-рейс - саат 8:00. Кечки каттамдар: 1-рейс - 18:00, 2-рейс - 18:30, 3-рейс - 19:00. Кыргызстанда 22-марттан тарта коронавирусту жайылтпоо максатында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Бул режим бир айга созулат. Анын алкагында бир катар чектөөлөр киргизилди.