Шаардын негизги көчөлөрүнө блокпосттор коюлуп, сырттан келгендерди киргизбей, шаардыктарды сыртка чыгарбай жатат. Жергиликтүү бийлик элдин саламаттыгы үчүн ушундай чечим кабыл алынганын айтып, аны түшүнүү менен кабыл алуу керектигин билдирди. Азык-түлүк жана дары-дармек ташыган машинелер кезексиз өткөрүлүп жатат.
Мындан сырткары башка райондордон шаарга каттап иштеген бюджеттик мекеме ишканалардын кызматкерлери атайын уруксат кагаз менен коё берилүүдө.