Талас областына караштуу Кара-Буура районунда коронавирус илдетин алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.
Бул тууралуу ktrk.kg сайтына Кара-Буура РИИБдин башчысынын орун басары Орозбек уулу Элзарбек кабарлады. Анын айтуусунда, башка аймактардан келген жарандар текшерүүдөн өтүп, тийиштүү анализдер алынууда.
"Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери менен биргеликте сырттан келген жарандардан анализ алдык. Кара-Буура району боюнча алардын саны 86га жетти. Алынган анализдер тийиштүү тарапка жөнөтүлдү. Бүгүн да элдерден анализ алып, түшүндүрүү иштерин улантып жатабыз. Биздин районго бул илдетти киргизбөөнүн аракетин көрүүдөбүз",- Орозбек уулу Элзарбек.
Маалым кыла кетсек, жогорудагы райондо текшерүүдөн өткөндөрдүн көпчүлүгү чет өлкөлөргө дааватка чыгып келгендер.
Кошумчалай кетсек, аталган райондо дезинфекциялык иштер жүргүзүлүп, Кызыл-Адыр айылындагы базар жабылган. Кара-Буура районунда коронавирус илдетине чалдыккандар жок.