Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан сайт боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталганын кабарлады. УКМКнын мониторинг жана анализинен 25-мартта «The Asia Times» маалыматтык сайты чындыка дал келбеген маалыматты жарыялап таратканы аныкталган.
Бул сайт «Кыргызстанда эки адам коронавирустан каза болду» деген аталышта жалган маалымат таркатып, эл арасына дүрбөлң салган-дейт УКМКнын билдирүүсүндө. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын ирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.