КРдин куралдуу күчтөрүнө - 24 жыл!
Новость photo: ktrk.kg

Куралдуу күчтөрдүн түптөлгөндүгүнүн 24 жылдыгына карата бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда салтанаттуу майрам уюштурулду. 

POST1RIGHTИш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, коргоо кеңеши менен күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана куралдуу күчтөрдүн ардагерлери катышты. 

Кыргызстан куралдуу күчтөрдүн күнүн жыл сайын 29-майда белгилеп келген. 1991-жылы эгемендикти алган Кыргызстан суверендүү мамлекет катары өзүнүн улуттук армиясын түзүүгө киришкен. 1992-жылдын 29-майында президенттин жарлыгы менен мамлекеттин улуттук кызыкчылыгынын калканч пайдубалы катары - куралдуу күчтөр түптөлө баштаган.