30-мартка карата Кыргызстанда дагы 10 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бейтаптардын баары Жалал-Абад облусунун тургундары экенин өкмөттүн басма сөз кызматы Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 94 адамга жетти.
Коронавирус боюнча аймактардагы жалпы көрсөткүч:
- Ош облусунда – 33 учур;
- Жалал-Абад облусунда – 49 учур;
- Бишкекте – 7 учур;
- Чүй облусунда – 3 учур;
- Баткен облусунда – 1 учур;
- Нарын облусунда – 1 учур.
Жалал-Абад облусунда коронавирустан дарыланып жаткан 3 адамдын кайталанган анализи таза чыгып, ооруканадан чыгаруу маселеси каралып жатканы маалым болду.