Коронавирус: Кыргыз өкмөтү Кытайдын жардамына ыраазычылык билдирди
Новость

Өкмөт Кытай Эл Республикасынын Covid -19 коронавирусуна каршы күрөшүү боюнча кошкон салымына жана күч-аракетине жогору баа берип, оор учурда берген гуманитардык жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет. Ыраазычылык өкмөттүн сайтына жарыяланды. 

Белгилей кетсек, Covid -19 коронавирусунун жайылышына байланыштуу түзүлгөн кырдаалда Өкмөт кыргыз тарапка тест-системасы жана реагенттер, тиешелүү медициналык жабдуулар, медицина кызматкерлери үчүн коргоочу каражаттар, ошондой эле санитардык-дезинфекциялоо багытында колдонуучу каражаттар жагынан гуманитардык жардам берүү жөнүндө Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө кайрылган. Ошондой эле коронавирус инфекциясы менен күрөшүү жаатында тажрыйба алмашуу үчүн медицина эксперттерин жөнөтүү өтүнүчү билдирилди.