Кыргызстанда 1-апрелге караган түнү коменданттык саат эрежесин бузган 147 адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.
Мындан тышкары 12 унаа атайын жайларга токтотулду. Кармалгандарга милицияда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эртең менен чыгарылды. Бишкекте 119, Ошто 2, Жалал-Абадда 10, Сузак жана Кара-Суу райондорунда 8ден адам. Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.
Эскерте кетсек, коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.