Кыргызстанда коронавирусту дагы 4 адам жуктуруп алганы маалым болду. Бул тууралуу Коронавирустун алдын алуу штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов маалымдады. Анын айтымында, Жалал-Абад шаарында 1, Сузак районунда 1, Кара-Көл шаарында 1 жана Чүй облусунда 1 адам жуктурган. Ошентип Кыргызстан боюнча жалпы коронавирус илдетине кабылгандардын саны 111 кишиге жетти.