Өлкөдөгү азык-түлүккө болгон баа өкмөттүн көзөмөлүндө
Новость KTRK/videograp

Тамак-аш азыктарын ташыган автотранспорттор блок-посттордон тоскоолдуксуз өткөрүлөт. Өлкөдө азык-түлүк жетиштүү, ага болгон баа өкмөттүн тыкыр көзөмөлүндө - деди Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Оштогу азык-түлүк саткан дүкөн, соода жайларын текшерген учурунда. Мадумаров, дүкөндөрдө азык-түлүктөрдүн жетиштүү кору бардыгын, ага болгон баа туруктуу сакталаарын эскертип, кооптонууга негиз жоктугун билдирди. 

Ош шаарындагы соода түйүндөрү коменданттык убакытка байланыштуу таңкы саат 8ден кечки 5 жарымга чейин туруктуу иштеп жатат. Ал эми, коронавирустун жайылышын алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн Ош шаарынын мэриясында атайын эсеп ачылган. Ага чегерилген каражаттарды курамында укук коргоо органдарынан, бизнес өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдардын мүчөсү жана тиешелүү кызматтардан түзүлгөн атайын комиссия көзөмөл кылат.