COVID-19 вирусуна каршы күрөшүү иш-чаралары үчүн чегерилген каражаттардын бир бөлүгү инфекция катталган аймакта иштеп жаткан медицина кызматкерлерине кошумча акы төлөө үчүн жумшалат. Бул чечимди өлкө аймагында коронавирус инфекциясын жоюуга багытталган иш-чараларды каржылоо үчүн ачылган депозиттик эсептеги акча каражатын бөлүштүрүү комиссиясы кабыл алды. 31-мартка карата эсептке 61 млн 239 миң 736 сом түштү.
Анын 38 млн 559 миң 307 сому өлкө аймагындагы вурус катталган жерде иштеп жаткан медицина кызматкерлерине которулат. Эскерте кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги үчүн депозиттик эсеп ачылган. COVID-19 боюнча иш-чараларды ачык-айкын каржылоо, ошондой эле акча каражаттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу бөлүштүрүү максатында өкмөттүн буйругунун негизинде жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу жардам көрсөтүү иретинде түшкөн акча каражаттарын, ошондой келип жаткан гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүлгөн. Комиссиянын чечимдери жөнүндө коомчулукка маалымат берилип турат.