Ысык-Көлдө үй карантинин бузган 8 жаран үчүн бир айыл изоляцияга алынды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
"Үй карантинин сактабаган Түп районунун Ысык-Көл айылынын чет өлкөлөрдөн кайтып келген 8 жараны обсервацияга алынган. Алар үй карантиндин шарттарын бузуп, айыл тургундары менен жолугушкан. Бул үчүн коронавирустун жайылышын болтурбоо максатында түзүлгөн облустук ыкчам штабдын чечими менен жалпы айыл эли изоляцияга алынды", - деп билдиришти штабдан.