Кара-Буура: айрым жарандардан экинчи ирет коронавируска карата анализ алынды
Новость

Талас областына караштуу Кара-Буура районунда чет жактан келгендерден экинчи ирет коронавируска карата анализ алынды. Бул тууралуу аталган  райондогу СЭСтин жетекчиси Э.Качыбекова билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин анализ тапшыргандардан коронавирус илдети табылган эмес.

"Чет өлкөгө даабатка чыгып келген жарандардан экинчи ирет анализ алдык. Биринчи анализдердин жыйынтыгы таза чыккан. Ошондой эле Кара-Буура районуна караштуу бардык айылдарды милициянын көчмө кабылдамасы менен кыдырып, калкка түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Жарандарды үйдөн чыкпай олтурууга чакырдык", - Э.Качыбекова.

Эске сала кетсек, өлкөдө коронавирусту жуктургандардын саны 111ге жетти.