Чек ара кызматынын түзүлгөнүнө - 17 жыл!
Новость

 Бишкекте Чек арачылар даңкы гүлбагында Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөнүнүн 17 жылдыгына арналган салтанаттуу азем өттү. Иш-чара “Чек арачы аскердин” эстелигине гүл коюу менен башталды. 

Кесиптик майрамга байланыштуу 8 чек арачы мамлекеттик сыйлыкка арзып, ал эми 69 аскер кызматкери ведомстволук медаль, төш белги жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды. 

Салтанаттуу иш-чарага Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын жана чек ара ведомствосунун жетекчилиги, Кыргызстан менен Казакстандын ардагерлери катышты. Белгилей кетсек, кыргыз чек арачылары Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийинки 8 жылдан кийин гана мамлекеттик чек араны өз алдынча коргоого өткөн.