2-апрель саат 09:00 карата Кыргызстанда COVID-19 вирусу дагы беш кишиден табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коронавирустун жайылышын алдын алуу штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди. Алардын экөө Ноокат районунда, бирөө Ош шаарында, экөө Баткендин Кызыл-Кыя шаарында катталган. Ошентип, Кыргызстанда бул илдетке чалдыккандардын саны 116 кишиге жетти. Коронавируска байланыштуу 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Түнкүсүн көчөгө адам да, машине да чыкпашы керек, күндүз эшикке дүкөнгө, дарыканага жана ооруканага гана барууга уруксат. Топтошуп жүрүүгө, иш-чара өткөрүүгө тыюу салынган.