Баткенде 34 жаштагы аял коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды
Новость www

Кечээ, 3-апрелде Баткен облустук ооруканасынан COVID-19 диагнозу менен жаткырылган аял илдетинен айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты. 

Бейтаптын абалы канааттандырарлык деп бааланууда, кайрадан алынган ПЧР анализи коронавирустун жок экенин көрсөткөн.