Мындан ары өзгөчө абалдын талаптарын бузгандарга катаал чара көрүлөт
Новость www

Мындан ары өзгөчө абалдын талаптарын бузгандарга катаал чара көрүлөт. Борбор калаанын коменданты шаар тургундарына эрежелерди сактабагандарга айып пул салынып, эркинен да ажыратылаарын эскертти. Жазаларга байланыштуу тиешелүү мыйзамдарга мамлекет башчысы 3-апрелде кол койгон. Комендатура көзөмөл күчөтүлгөндөн бери тартип бузгандар азайганын билдирүүдө.



Коменданттык саатта көчөдө жүргөндөр, өзгөчө абалдын талаптарын сактабагандар буга чейин бир нече саатка гана кармалып, протокол толтуруу менен гана коё берилип жаткан. Президент кол койгон тиешелүү мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирди. Эми эрежеге моюн сунбагандар айып пул төлөөдөн тартып эркинен ажыратылууга чейин жазаланат.

Тамак-аш чөйрөсүндө жана медициналык кызмат көрсөткөндөр үчүн тоскоолдук жаралбашы керек. Бирок алар уруксат кагазын алууда тиешелүү маалымкат, документтери толук болушу шарт.

Коменданттык саат кечки саат сегизден таңкы жетиге чейин деп белгиленген. Ал эми күндүз дарыкана менен ооруканага, азык-түлүк саткан дүкөнгө гана барууга жол берилет. Ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүнөн сырткары үчтөн көп адамдын топтолушуна жана өспүрүмдөрдүн чоңдордун коштоосу жок жүрүшүнө да тыюу салынган.