Өткөн суткада Жалал-Абад облусу боюнча 12 анча чоң эмес кылмыш катталды. Ал фактылардын бардыгынын бети ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков 5-апрелде маалымат жыйында билдирди. Комендант белгилегендей, катталган фактылардын ичинде оор жана өзгөчө оор кылмыштар жок.
Өткөн сутка ичинде жүргүзүлгөн профилактикалык иштин жыйынтыгы менен Жалал-Абад шаары жана Сузак районунда 41 жаран кармалып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң, үйлөрүнө кое берилген. Андан сырткары 47 уруксат кагазы жана тиешелүү документтери жок унаа кармалып, айып короосуна токтотулган. Ал эми 5-апрелге каран түнү өзгөчө абал кирген аймакта коменданттык сааттын тартибин бузган 2 эле жаран болгон. Негизинен өтөн сутка ичинде Жалал-Абад облусунда коомдук-саясий абал тынч болду.