Дүйшөмбү 6-апрель саат 10.00гө карата Кыргызстанда дагы 69 адам коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы белгилүү болду. Алардын баары обсервацияда болгондор - деди Өкмөт үйүндө өткөн брифингде Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов. Учурда алар ооруканага жаткырылды. Ошентип, өлкө боюнча ооругандардын жалпы саны 216га жетти.
Он бейтап илдеттен айыгып ооруканадан чыкты, бүгүн дагы коронавирустан сакайган 23 адам ооруканадан чыгарылат. Саламаттык сактоо министринин айтымында, учурда ооруканада дарыланууда жаткан бейтаптардын саны 202 адам. Алардын ичинен бешөөнүн абалы туруктуу оор боюнча деп баалунууда.