Нарын: Санитардык-карантиндик посттор
Новость www

Нарын облусунун аймагында 12 санитардык-карантиндик пост коюлган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Санитардык-карантиндик посттор Нарын шаарында - 3, Нарын районунда - 2, Ат-Башы районунда - 3, Ак-Талаа районунда - 1, Кочкор районунда - 1, Жумгал районунда - 2 жерге коюлган. Посттордо күнү-түнү ички иштер органдарынын, Саламаттык сактоо министрлигинин, ӨКМдин жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери коронавирустун жайылышын алдын алууга багытталган бирдиктүү иштерди алып барышууда.