POST1RIGHT Республикада вируска каршы дары-дармектин жана тест системанын саны жетиштүү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
Анын айтымында республика боюнча 9 лаборатория иштеп жатат. Зарыл болгон бардык тест системалардын болушу лабораториялардын толук кубаттуулукта иштөөсүн жана бардык тоңдурулган биоматериалдар боюнча кыска мөөнөттүн ичинде жыйынтыктарды алууга мүмкүндүк берет.