Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов коронавируска байланыштуу өлкөдөгү акыркы кырдаал боюнча маалымат берүүдө. Министр билдиргендей, 2020-жылдын 8-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктурган 42 жаӊы учур катталды. Алардын ичинен 16 эркек жана 26 аял. Жаӊы катталган 42 учурдун ичинен 13ү медицина кызматкерлери.
Жаӊы катталгандардын ичинен
Бишкекте – 10
Чүй облусунда – 2
Ош облусунда – 24
Жалал-Абад облусунда – 1
Нарын облусунда – 5
Кыргызстанда жалпы 270 учур катталды.