Колдо бар, эски тепловизорлор суук учурда адамдын дене табын туура эмес көрсөткөн учурлар бар. Ошондуктан, алар жаңыланат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 9-апрелде брифингде билдирди. Анын айтуусунда Кытайдан гуманитардык жардам катары жаңы тепловизорлор келген. Жакынкы күндөрү алар колдонууга киргизилип, санитардык-карантиндик постторго жаңылары берилет. Чек аралардагы өткөрмө бекеттерде, өзгөчө абал киргизилген аймактардагы карантиндик посттордо турган дарыгерлердин колундагы тепловизорлор бузук экенин айрым активисттер социалдык тармактарда жазып чыгышкан.