“Сорос-Кыргызстан” фонду шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын мобилдик бригадаларына миң сандагы атайын коргоочу кийим берди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы маалымдады. Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы менен бирге, республикалык клиникалык жугуштуу ооруканасынын дарыгерлерине 500 атайын коргоочу кийимдер берилди. Аталган уюмдун аткаруучу директору Шамиль Ибрагимовдун айтуусунда жүз миң доллардан турган өзгөчө фонд түзүлүп, медициналык аппараттарды жана башка коргоочу каражаттарды таркатууну камсыздайт.
Вице-мэр Татьяна Кузнецова уюмдун кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, медиктерди, эпидемиологдорду коргоо баарынан жогору тураарын белгиледи. Ушу тапта Бишкек мэриясы коопсуздук үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө күч-аракеттерин жумшоодо.
Эске салсак, Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен мобилдик бригадалардын саны 40 топко чейин жогорулаган. Врач, эпидемиолог жана лаборанттардын курамындагы мобилдик бригадалары инфекция айкындалган учурларда шаардыктардын үйүнө барып, экспресс-тесттерди алышып, COVID-19 оорусунун белгилери бар жарандардын ден соолугуна байкоо жүргүзүшөт.