Чет өлкөдөн Кыргызстанга 2719 жаран алынып келинди
Новость

«Акыркы мезгилдин ичинде Кыргыз Республикасынын 2719 жараны Кыргызстанга Россиядан, Болгариядан, Вьетнамдан, Египеттен, БАЭ, Индиядан, Малайзиядан, Таиланддан, Шри-Ланкадан, Түштүк Кореядан жана башка өлкөлөрдөн алынып келинди. Бул үчүн чартердик каттамдар уюштурулган», - деп билдирди КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев.

Алардын ичинен:

Россиядан – 1531,

БАЭден – 326,

Түркиядан – 197,

Сауд Аравиясынан – 285,

Индиядан – 176,

Египеттен – 131,

Таиланддан – 52,

Германиядан – 5,

Калгандары башка өлкөлөрдөн кайтарылды. 


Анын айтмында, бүгүнкү күндө дүйнө жүзүнүн 42 өлкөсүндө, анын ичинде Европа, Азия жана Түндүк Америка өлкөлөрүндө Кыргызстандын жарандары бар.