Жалал-Абад: 662 жаранга гуманитардык жардам берилди
Новость

Азыркы учурда Жалал-Абад шаарында социалдык коргоо бөлүмдөрүнүн тизмесинде катталган 662 жаранга гуманитардык жардам берилүүдө. 

“Жардамды муктаж үй-бүлөлөргө даректүү берүү үчүн атайын комиссия түзүлүп, ага Жалал-Абад шаарынын 6 фракциясынын депутаттары, аймактык башкармалыктын башчылары, шаар мэриясынын жана социалдык коргоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кирди. КР Өкмөтү тарабынан көрсөтүлгөн жардам – 33 тонна же 662 кап ун берилип жатат", - деп билдирди Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев.