Баткен облусуна 585,5 тонна ун бөлүндү
Новость

Баткен облусуна мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 585,5 тонна ун бөлүндү.

Анын 104 400 кг Лейлек районуна жеткирилип, 2088 үй-бүлөгө, 12 тонна 800 кг Сүлүктү шаарында 256 үй-бүлөгө таратылды. 

13-апрелде Баткен району жана Баткен шаарына 220 тонна ундун келиши күтүлүүдө. Андан кийинки этапта Кадамжай району менен Кызыл-Кыя шаарына алып келүү пландаштырылган.

Материалдык резервден келген ун облустагы муктаж үй-бүлөлөргө таркатылып, анын бөлүштүруүсүн атайын комиссия көзөмөлгө алууда.