Коронавирус жуктуруунун 18 жаңы учуру аныкталды, 1 бейтап каза болду
Новость www

POST1RIGHT

Кыргызстанда 10-апрелге карата коронавирус жуктурган дагы 18 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди. 


Ал билдиргендей, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 298 кишиге жетти. Тилекке каршы, тумоого кабылган 1 адам каза болду. Ал Ноокат райондук аймактык ооруканасында дарыланып жаткан, 87 жашта болчу. 


Буга чейин илдетти жуктурган 4 адам каза болгон. Катталган жаңы учурлардын бешөө дарыгерлер. Ушуну менен ооруга чалдыккан ак халатчандардын жалпы саны отуз тогузга жетти.