Талас: А.Жумабеков блок-постто тургандарга атайын кийимдерди тапшырды
Новость

9-апрелде Талас ОИИБнын начальниги, милициянын полковниги Жумабеков Алмазбек Артисбекович Кара-Буура РИИБнин атайын блок-постордо турган кызматкерлерине беткап, колкап, жамгырдан коргонуучу кийимдерди жеке эсебинен алып берди.

Бул жеке демилгеси менен ишке ашты.

Маалым кыла кетсек, Талас областында коронавирус илдетин жуктургандар жок. Элге аталган вирустан сактануу тууралуу түшүндүрүү иштери күн сайын жүргүзүлүүдө.