Кыргызстанда коронавирустан дагы 9 адам айыкты
Новость www

POST1RIGHT

Кыргызстанда коронавирустан дагы 9 адам айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Каратаев учурда өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны 39га жеткенин белгилеп өттү."Стационарларда 254 адам жатат, алардын сегизинин абалы оор. Изилдөөгө келген анализдердин саны – 22 миң 554. Алардын ичинен 20 миң 575 анализ изилдөөдөн өткөрүлдү. Бир күн ичинде 1 миң 979 анализ жасалды", - деди ал.

Коронавирусту жуктуруп алгандар менен 6 миң 47 адам байланышта болгон: биринчи категорияда – 1 миң 58, экинчи категорияда – 4 миң 989 адам.