Дүйнө боюнча коронавирусту жуктургандардын саны бир жарым миллион адамга чамалады. Алардын ичинде дарыгерлер да бар. Маселен, оору күчөп жаткан Испания өлкөсүндө 19 миңден ашуун ак халатчан тумоону жуктуруп алды.
Бүгүн, 10-апрелге карата алынган маалымат боюнча Кыргызстанда илдетке кабылган жаңы 18 учурдун, бешөө дарыгерлер. Ушуну менен ооруга чалдыккан ак халатчандардын жалпы саны отуз тогузга жетти. Медиктердин минтип ооруну жуктуруп алгандарына коомчулукта ар кандай пикирлер айтылууда. Бирок кандай гана сөз болбосун дарыгерлер өз өмүрүн тобокелге салып иштеп жатышат.
Пандемиядан айыккандардын жалпы саны дүйнө боюнча 330 миңден ашты. Ошол эле учурда оору менен күрөшүп, адамдардын илдетти жеңип чыгуусуна жан үрөгөн дарыгерлер да тумоонун курмандыгы болууда. Италияда эле жүздөн ашуун дарыгер инфекциядан көз жумду.
Адистер эпидемия учурунда илдетти жуктуруп алуу коркунучу эң жогорку кесип ээлери катары дарыгерлерди, блокпостторду күзөткөн аскерлерди жана тартип сакчыларын аташат. Бул кызматкерлердин коргонуу чараларын күчөтүү керек болчу. Бирок, кандай болгон күндө да жуктуруп алуу коркунучу жогору бойдон каларын белгилешет.