Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) видеоконференция форматындагы кезексиз жыйынында коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктирүү боюнча бир катар сунуштарды киргизди. Мамлекет башчысы чек аралардын жабылышы элди жана дарыгерлерди медициналык коргонуучу каражаттар менен камсыздоого өз залакасын тийгизгендигин билдирди.
Коронавирус илдетине байланыштуу Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин жыйыны бул жолу видео конференция форматында уюштурулду. Уюмдун кезектеги жыйынын өткөрүүнү кеңешке төрагалык кылып жаткан Азербайжан мамлекети сунуштаган. Жыйынга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Азербайжандын президенттери, байкоочу өлкөлөр Венгрия жана Түркмөнстандын жетекчилиги, ошондой эле дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору катышты.
Күн тартибиндеги негизги маселе- дүйнөдө жайылып жаткан коронавирус илдетин алдын алуу жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктирүү. Жугуштуу илдет башка өлкөлөрдөй эле Кыргызстанга да өз залакасын тийгизбей койгон жок. Чек аралардын жабылышы элди жана дарыгерлерди медициналык коргонуучу каражаттар менен камсыздоодо, азык түлүк жеткирүү маселесинде тоскоолдуктарды жаратып жатат. Буга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков көйгөйдү чечүүгө багытталган бир катар сунуштарды киргизди.