Казакстанда өзгөчө абал узартылды
Новость www

Казакстандын өкмөт үйүндө өзгөчө абал боюнча комиссиянын жыйыны болуп ага өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев катышты. 

Анын алкагында Токаев өзгөчө абал режимин апрелдин отузуна чейин узартууну белгиледи. Коңшу өлкөнүн ири шаарларына өзгөчө абал режими 19-марттан баштап киргизилген. 

Ал эми Нур-Султан жана Алматы шаарларына 15-мартта киргизилген. Аталган өлкөдө бүгүнкү күндүн маалыматы боюнча коронавирусту жуктургандардын саны 802 ге жетти. Бул Өзбекстан жана Кыргызстанга салыштырмалуу жогору.