Коронавирус менен кайталап ооругандар бүгүнкү күндө жок. Бул туурасында өкмөт үйүндөгү брифингде Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Ал белгилегендей, бул коронавирустун жаңы учуру болуп эсептелет. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, коронавируска бир жолу чалдыккан адамда ал илдетке туруштук берүүчү бирикме - антитела пайда болот жана кайталап ооругандар болгон жок.
Эгер адам ооруп айыкса, иммунитет болсо ал адам өз ишмердүүлүгүн дени соо адамдай эле уланта берет - деди Каратаев.