Карантин учурунда ата-энелер балдарын мектепке 1-класска электрондук түрдө каттай берсе болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, ушу тапта карантинге карабай, балдарды 1-класска электрондук каттоо жүрүп жатат. Бирок 22-апрелге чейин арыздар каралбайт.
"Ал эми 1-класска электрондук түрдө катталып, документтери туура болуп, бирок мектепке документтерин тапшыра элек ата-энелер 22-апрелден тарта жеткире алат", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, электрондук каттоо 15-февралда башталган. Ата-энелер министрликтин сайтындагы "Статистика" деген бөлүмдөн ар бир мектепке канча бала катталып, канча орун калганын көрө алышат. Каттоо 15-августта аяктайт.