Джон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, АКШ да акыркы 24 сааттын ичинде коронавирустан 2108 адам каза болду. Бул өлкө боюнча эң жогорку көрсөткүч.
Алсак, 8-апрелде бир күндүн ичинде 1973 адам, 9-апрелде 1783 киши көм жумган. Маалыматка ылайык, вирус жуктургандардын саны 500 миңге чамалады.
Ошондой эле, илдеттен 18 700 киши каза болсо, 29 миңге жакыны айыгып чыкты. Белгилей кетсек, 2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында өпкөнү сезгенткен илдет жайылып, ал 200гө жакын өлкөгө тарады. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган деп айтылат.
Адистер дарттын козгогучу коронавирустун “2019-nCoV” деп аталган жаңы тиби экендигин божомолдошкон. Ал эми 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу дүйнөдө пандемия жарыялаган. Учурда ага каршы вакцина табыла элек.