Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 42 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди. Ошентип өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 419 кишиге жетти. Жаңы катталган 42 учурдун ичинен Бишкекте – 10, Чүй облусунда – 6, Ош облусунда – 9, Ош шаарында – 5, Жалал-Абад облусунда – 2, Нарын облусунда – 9 жана Баткен облусунда – 1 адам бар.
Алардын 23ү аял, 19у эркек киши. Ал эми илдеттен 13-апрелге карата 13 адам айыгып чыкты. Алар Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында дарыланышкан. Алардын анализдери оору жок деп көрсөттү. Ошентип ооруканадан айыгып чыккандардын жалпы саны 67ге жетти. Вирустан беш киши каза болду.