COVID-19: жаңы жуктурган 11 учур катталды (14.04.20)
Новость www

POST1RIGHT 14-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 11 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, жаңы учурлар Бишкек шаарында 8, Чүй облусунда 1 жана Жалал-Абад облусунда 2 кишиде катталды. Алардын ичинен 6 аял, 5 эркек. 

Ошентип өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 430 кишиге жетти. Бул күнгө карата Ала-Букадагы аймактык ооруканадан 4 киши үйүнө чыгарылды. Анализдин жыйынтыктары аларда оору жок экенин көрсөттү. Коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 71ге жетти. Илдетти жуктурган 13 адамдын абалы оор, тогузу жандандыруу бөлүмүндө жатат. Вирус жуктурган 5 адам көз жумду.