POST1RIGHT 14-апрелге карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктурган адамдардын саны 1 миллион 920 миң кишиден ашты.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдиргендей алардын ичинен 119 миң 686 адам вирустун курмандыгы болушкан.
АКШда бул илдетке чалдыккандардын саны 582 миңден ашык адамды түзүп, алардын ичинен 23 миңден ашык адам көз жумган.
Илдетти жуктургандардын алдынкы он мамлекеттин арасында Испания турат, бул өлкөдө вирусту жуктургандардын саны 170 миңден ашык адамды түзсө, ал эми Италияда - 159 миң, Францияда - 137 миң Германияда - 120 миң, Кытайда - 83 миңден ашуун.
Белгилей кетсек, ушу тапта коронавирус дүйнөнүн 185 өлкөсүндө катталды.