Дарыгерлер карантинди узартуу учурдун талабы болуп жатканын белгилешет. Себеби, бул абалдан чыгуу азырынча эртерек экенин, илдет жаңы гана таралып, ал туу чокусуна жете электигин айтышууда. Ошондуктан өкмөт менен кошо эл дагы вирусту бири-бирине жуктурбоо аракетине көмөктөшүүсү зарыл дешет адистер. Бул боюнча Саламаттыкты сактоонун отличниги, медицина илимдеринин доктору, профессор, кардиохирург Калдарбек Абдраманов менен маектен кененирээк уга аласыздар.