Өткөн сутка ичинде буга чейин COVID-19 диагнозу тастыкталган 4 бейтап айыгып, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука аймактык ооруканасынан чыкты. Өлкө боюнча коронавирустан айыккан 71 бейтап ооруканадан чыгарылды”, -деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев. Бирок, 14-апрель карата дагы 11 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.