Өзгөчө абал тартиби 30-апрелге чейин узартылды. Президент кол койгон жарлыкка ылайык Нарын шаары жана Ат-Башы районуна да өзгөчө абал киргизилди. Бул - жарандардын массалык түрдө вирусту жуктуруп алуусун алдын алууга корулгон чара. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн парламент төрагасы, өкмөт башчы жана Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери менен жолугушуп, илдетке каршы туруу чараларын талкуулашты.