Кыргызстан боюнча 7 миң 455 адам вирус жуктургандар менен байланышта болгон
Новость KTRK/videograp

Кыргызстан боюнча COVID-19ду жуктургандар менен 7 миң 455 адам байланышта болгон. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, жакын байланышта болгондордун саны 1 миң 528 адамды, ал эми II категориядагы байланышта болгондордун саны 5 миң 977 адамды түзөт. 

Анын айтымында, Кыргызстан боюнча обсервацияда 902 адам жатат. Стационарда 366 жаран дарыланууда, 11 бейтаптын абалы оор. Алардын жетөө жандандыруу бөлүмүндө. Башка бейтаптардын абалы орточо оор же канааттандыраарлык деп бааланууда. Үсөнбаев билдиргендей, 5-апрелден тарта изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны – 28 222. Жалпы жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны — 27 033, ал эми сутка ичинде 981 изилдөө жүргүзүлгөн.