Cоңку бир суткада өлкөдө 19 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Ошентип, бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 449 кишиге жетти. Ал эми соңку бир суткада жети бейтап айыгып чыкты. Жалпысынан сакайып кеткендердин саны 78 адам. 15-апрелге карата COVID-19 вирусу дагы 15 медицина кызматкеринен тастыкталды.
Жаӊы учурлардын ичинен үч медкызматкер Бишкек шаарында, экөө Ош облусунда, он дарыгер Ош шаарында. Инфекцияны жуктурган медиктердин жалпы саны 98ге жетти. Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан медиктердин арасынан коронавирус жуктуруп алган учурларды азайтууга бардык аракеттер көрүлүүдө.